• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

СӨМ: Кашгардагы "Кашгар" Бонд чөлкөмүндө индустриалдык парк ачылды

Санарип Кыргызстан 0

Бишкек, 27.01.24. /Кабар/. Кытайдагы "Кашгар" Бонд чөлкөмүндө индустриалдык парк ачылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдайт.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, бул индустриалдык парк "эки өлкө – эки парк" долбоорун ишке ашыруунун алкагында ачылды. Кыргызстандын Нарын облусунун Эркин экономикалык аймагы менен Кашгар комплекстүү Бонд чөлкөмүнүн ортосундагы аймакта жайгашкан.

Долбоор "платформа + парк" жана "институт + ишкана" өнүгүү моделин ишке ашыруу боюнча новатордук изилдөө болуп саналат. Бул долбоордун алкагында Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы трансчек аралык логистика үчүн 48 сааттык жана 72 сааттык "кампадан кампага" түз ташуу кызматын түзүү камсыз кылынат.

Буга чейин 2023-жылдын декабрында "Кыргыз почтасы" ААК, "Нарын" жана "Кашгар" эркин экономикалык чөлкөмдөрү менен Янтянь порт инвестициялык компаниясынын ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө төрт тараптуу макулдашууга кол коюлган. Аталган Келишимдин алкагында 24-январда Кашгар экономикалык өнүктүрүү чөлкөмүндө "эки өлкө, эки парк" долбоору расмий түрдө башталган. Белгилей кетсек, бул жетишкендик Кыргыз Республикасынын КЭРдеги элчилигинин көмөгү аркылуу мүмкүн болду.

Ачылыш аземине "Кыргыз почтасы" ААКнын башкы директору Марат Черикчиев катышты. Ал "Кашгар" ЭЭЧ "Кыргыз Почтасы" үчүн жөн гана өнөктөш эмес, Кытайдагы негизги стратегиялык өнөктөш экенин белгиледи. "Биз “эки өлкө - эки парк" долбоорун ишке ашыруу биздин өлкөлөрдүн бизнеси ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы дем берип, ошондой эле жаңы, технологиялык деңгээлге көтөрүлөт деп ишенебиз, анткени Кыргызстандын компаниялары дүйнөдөгү эң ири рыноктун рыногуна сапаттуу товарларды экспорттой алышат", - деди М.Черикчиев.

Пикир

Оставить комментарий