• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанга бир айда 10 миң тонна жер семирткич ташылып келди

Коом 0

Бишкек, 27.01.24./Кабар/. 2024-жылы 26-январына карата республика боюнча 9,9 миӊ тонна минералдык жер семирткичтер ташылып келинди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын 2024-жылга карата минералдык жер семирткичтерге болгон керектөөсү 286,7 миӊ тоннаны, анын ичинен:

- азоттук – 163,6 миӊ тонна,
- фосфордук – 105,8 миӊ тонна,
- калийдик минералдык жер семирткичтер – 17,3 миӊ тоннаны түздү.

Төмөндө республика боюнча минералдык жер семирткичтерди сатуу пункттарынын даректери көрсөтүлгөн:

Пикир

Оставить комментарий