• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана БУУнун өнүктүрүү программасынын КРдагы башчысы өлкөдөгү диний сабаттуулукту талкуулашты

Коом 0

Бишкек, 28.11.18. /Кабар/. КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов Бириккен улуттар уюмунун делегациясы жана экстремизм менен күрөшүү боюнча БУУнун Өнүктүрүү программасынын атайын кеңешчиси Александр Аванесов менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында коомдун диний сабаттуулугу, адамдын укуктарын жана эркиндигин коргоо, дискриминацияны жок кылуу жана радикализм менен экстремизмдин алдын алуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле дин иштери боюнча комиссиянын башчысы мамлекет жана диний мекемелердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу максатында жүргүзүлгөн иштер тууралуу айтып, диний чөйрөдөгү мамлекет тарабынан жүргүзүлгөн саясаттын маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Аванесов диний жаатта иш-чараларды биргеликте өткөрүүнү сунуштап, кызматташуу тууралуу жемиштүү өткөн талкуулоого чоң ыраазычылыгын билдирди.

Тараптар эки тараптуу кызматташууну тереңдетүүгө даярдыгын билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий