• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Калыков саламаттык сактоо уюмдарындагы коргонуучу каражаттардын запасы туурасында айтып берди

Коом 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Акылбек Калыков брифингде саламаттык сактоо уюмдарындагы коргонуучу каражаттардын запасы туурасында айтып берди.

Анын айтымында, 2020-жылдын 15-июлуна карата саламаттык сактоо уюмдарында бир жолку колдонуучу коргоочу костюм - 126 миң 291, көп колдонуучу коргоочу костюм – 21 миң 671, респиратор – 144 миң 735, бир жолку колдонуучу беткап – 1 млн 563 миң 149 даана бар.

“Ошондой эле өкмөттүн колдоосу менен Финансы министрлиги тарабынан жеке коргонуучу каражаттарды сатып алуу үчүн 300 млн сом бөлүнүп берилди. Сатып алуу боюнча келишим түзүлүп, ал бир жуманын ичинде келип түшөт”, - дейт Калыков.

Пикир

Оставить комментарий