• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Канткенде адам уулу адам болот”: Бишкекте китеп окуу конкурсунун жыйынтыктоо аземи өтөт

Коом 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын даңазалоо максатында “Канткенде адам уулу адам болот” деген ураан менен уюштурулган республикалык китеп окуу конкурсунун жыйынтыктоо аземи өтөт. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунан кабарлашты.

Иш-чара 21-декабрда саат 11:00дө Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында өтөт. Конкурстун жеңүүчүлөрүнө ардак грамоталар, акчалай сыйлыктар жана баалуу белектер тапшырылмакчы.

Айтматовдун чыгармалары боюнча республикалык китеп окуу конкурсу үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан декабрь айына чейин “Оку” долбоорунун алкагында жүргүзүлүп, аталган сынакка республиканын баардык аймактары боюнча 7500ден ашуун билдирүүлөр келип түшкөн.

Ушул жылдын 15-декабрында Кыргызстандын баардык аймактарында, жети дубандын борборлорунда жана Бишкек шаарында “Кылым карытар бир күн”, “Ак кеме” аттуу чыгармалары боюнча тест түрүндө сынак жүргүзүлгөн.

Китеп окуу конкурсу Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, “Ыйык ата журт” коомдук жаштар фонду, “Оку” басма үйү менен биргеликте уюштурулду.

Сынактын байге фонду 300 миң сомду түзөт.

Сынактын байгелери:

1) “Кылым карытар бир күн”

1-орун – 50 миң сом;
2-орун – 30 миң сом;
3-орун – 20 миң сом;
4-10-орундарга кызыктыруучу сыйлыктар.

2)“Кылым карытар бир күн”(орусча версиясы)

1-орун – 50 миң сом;
2-орун – 30 миң сом;
3-орун – 20 миң сом;
4-10-орундарга кызыктыруучу сыйлыктар.

3) “Ак кеме”

1-орун – 30 миң сом;
2-орун – 20 миң сом;
3-орун – 10 миң сом;
4-10-орундарга кызыктыруучу сыйлыктар.

Пикир

Оставить комментарий