• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эмгек министрлиги "Балдар үчүн Юстиция" жана башка багыттар боюнча онлайн форматында окутууну киргизүүдө

Коом 0

Бишкек, 19.02.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Министрликтин ишмердүүлүгүнө ылайык, ар түрдүү тематикалар боюнча аймактык башкармалыктардын кызматкерлери үчүн окуу процессин уюштуруу жана видеоконференцияларды өткөрүү үчүн, онлайн платформасын (системаны) иштеп чыгып, ишке ашырууда.

Онлайн курстар Кыргызстандагы социалдык системага керектүү кызматкерлерди окутууга багытталган.

Курстун структурасы

Курс ар кандай окуу элементтерин камтыган төрт модулдан турат:

- мыйзамдар боюнча видеоролик

- мыйзамдар боюнча презентация

- практикалык көнүгүү

- тест

Курс ошондой эле жалпы элементтерди камтыйт. Бардык модулдарды аяктагандан кийин курсту өтүү боюнча кызматкерлер электрондук түрдө серитификат алышат.

Пикир

Оставить комментарий