• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кызматтык иш сапар учурунда вице-премьер Темир Жумакадыров каза болду (некролог)

Коом 0

Бишкек, 07.10.17 /Кабар/. Бүгүн, 2017-жылдын 7-октябрында 38 жаш курагында Талас облусуна кезектеги кызматтык командировкага баратканда жол кырсыгынан улам Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Темир Курмангазиевич Жумакадыровдун өмүрү үзүлдү.

Темир Жумакадыров 1979-жылдын 4-августунда Ысык-Көл облусунун Рыбачье шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин “эл аралык мамилелер” адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек таржымалын БУУӨДнун Нарын жана Чүй облустары боюнча улуттук волонтеру катары баштаган. Андан соң КМУУнун эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунда окутуучу, эл аралык кызматташуу жана инвестициялар департаментинин начальниги болуп эмгектенген.

Кыска мезгил Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын эксперттик-аналитикалык камсыздоо кызматынын эксперти болуп иштеген.

2013-жылы Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысынын орун басарлык кызматын ээлейт. Андан соң Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси кызматына дайындалат.

2015-жылдан тартып - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы. Ал мамлекеттик органдарда коррупциялык системаларды демонтаждоо боюнча жумушчу топту жетектеген.

2017-жылдын 26-августунан тартып Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри болуп иштеп келди. Коргоо, коомдук коопсуздук, укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү маселелерин көзөмөлдөгөн.

25-сентябрда Темир Жумакадыров Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчилигине дайындалат. Анын өмүрү кызматтык милдетин аткаруу учурунда кыйылды.

Темир Жумакадыров демилгелүү, билимдүү адам эле. Ушул касиеттери чанда кездешчү адамгерчилик менен айкалышып турчу. Анын саясый жана мамлекеттик ишмердиги жаңы гана башталган. Ал бардык күчүн, билимин жана жөндөмүн Кыргызстанда калыс жана демократиялуу коом, эркин адамдардын өлкөсүн курууга жумшаган.

Темир Жумакадыров жаштыгына карабастан эгемендүү Кыргызстандын өнүгүшүнө олуттуу салым кошту. Эмгеги үчүн “Даңк” ордени менен сыйланган.

Темир Жумакадыров кыска, бирок жаркын өмүр сүрдү. Ал чынчыл, адамгерчиликтүү жана ыймандуу инсан болчу. Кыргызстандагы мамлекеттик башкарууга аралашкан жаш муундун көрүнүктүү өкүлү эле. Темирдин басып өткөн жолу жана ишмердиги элине, Мекенине берилип кызмат кылуунун үлгүсү болуп саналат.

Жалпы өлкөбүз үчүн бул орду толгус жоготуу. Мамлекеттик ишмер, Кыргызстандын татыктуу уулу Темир Жумакадыровдун жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Темир Жумакадыровдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Ушул кайгылуу, оор мезгилде биз баардыгыбыз сиздер менен биргебиз.

Атамбаев А.Ш., Турсунбеков Ч.А., Исаков С.Дж., Токбаева А.А., Мамыров Э.Т., Дуйшенбиев Р. С., Усенов А.Т., Разаков Ж.П., Абулгазиев М.Д., Ниязов Ф.А., Илмиянов И.С., Сариева Э.К., Карыбаева М.А., Абдыгулов Т.С., Султанбекова Ч.А., Зилалиев Д.Т., Джолдубаева И.Ы., Марипов У.А., Шайлдабекова Н.К., Кулматов К.К., Мадумаров А.К., Момуналиев Н.С., Абдылдаев Э.Б., Касымалиев А.А., Ахметов У.Т., Исраилов У.Дж., Боронов К.А., Новиков А.П., Мурашев Н.М., Калилов Ж., Батыралиев Т.А., Кудайбердиева Г.К., Казаков Т.Т., Исакунова Т.Б., Сегизбаев А.К., Рыскулов У.Д., Абасканов Н.Э., Касымкулов М.А., Кадыралиев А.Дж., Карасартов А.О., Шаршеев У.З., Коеналиев Т.К., Субакожоева А.М., Исмаилов А.К., Арабаев М. М., Ахметова Н.М., Супаналиев Б.Т., Субанов С.А., Абдрахманова Ч.С., Жапаров Т.Т., Ибраимов А.С., Кадырбаев А.Т., Жылкыбаев У. К., Сарыбашов Т.Н., Сатыбалдиев К.У., Халмурзаев А.А., Кайыпов А.К., Кенекеев Д.А., Кудайбергенов Б.Ж., Насыров А.Т., Карыпбеков И.М., Ажиев Т.К., Мамбетов А.И.

Пикир

Оставить комментарий