• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сооронбай Жээнбеков Темир Жумакадыровдун жакындарына көңүл айтат

Кырсык 0

"Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жумакадыров Темир Курмангазиевичтин кырсыктан улам каза болгонуна байланыштуу жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Темир Жумакадыров Кыргыз Республикасынын Коргоо Кеңешинин катчысы кызматында мамлекетибиздин өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошкон. Ал өлкөгө жана элибизге жан үрөгөн кызматы үчүн Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалган.

Анын элеси түбөлүккө кыргызстандыктардын жүрөгүндө сакталат. Бул каргашалуу күндө үй-бүлөсүнүн бардык мүчөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам, кайгысын тең бөлүшөм. Баарыбыз үчүн бул абдан оор жоготуу болду.

Ошондой эле вице-премьер-министрдин жардамчысы Нурлан Жамгырчиевдин жана айдоочусу Нурбек Мукановдун жакындарына көңүл айтам.

Терең кайгыруу менен,

Сооронбай Жээнбеков".

Пикир

Оставить комментарий