• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Борбордо жылуулук качан берилери маалымдалды

Коом 0

Бишкек, 09.10.17 /Кабар/. Бишкек шаарына жылуулук качан берилери тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жылуулук беш күн катары менен абанын температурасы +8 градустан төмөн болгон учурда берилет. Ал эми Кыргызгидрометтин маалыматында жакынкы күндөрү абанын температурасы жылуу болоору күтүлүүдө.

“Бишкекжылуулукборбору" тарабынан 1-октябрга карата калаадагы жылуулук түйүндөрүн калыбына келтирип, оңдоо иштери 98,4% жүргүзүлгөн. Кышка толугу менен даяр”,-деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий