• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

СӨМ чет элдик жарандарды ортомчулар аркылуу жарандыкты алып берүү убадаларына ишенбөөгө чакырат

Санарип Кыргызстан 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаменти чет элдик жарандарды көптөгөн ортомчулардын документ, маалымкат, документтерди ыкчам түрдө даярдоо үчүн акча төлөнүүчү консультациялык жардам боюнча ар кандай убадаларына ишенбөөгө чакырат.

Ведомстводон белгилешкендей, жарандык маселелер боюнча документтерди паспорттук бөлүмдөргө тапшыруу сунушталат.

Консультациялык жардам көрсөтүп жаткан адамдар жарандык алып берүүдө эч кандай таасирин тийгизбейт.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин сайтында жарандык алуу үчүн тапшырылуучу документтердин тизмеси жарыяланган. Керектүү документтер тапшырылгандан соң, документтер Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин кызматкерлери тарабынан толтурулуп, андан соң документтер топтому мыйзам тарабынан белгиленген тартипте каралат.

Эске салсак, жарандык алуу процедурасында ортомчулардын катышуусунда алдамчылык фактылары катталса, бардык материалдар укук коргоо органдарына юридикалык баа берүү үчүн тапшырылат.

Кененирээк маалымат сайтта

Пикир

Оставить комментарий