• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Чек талап кылып, байге утуп ал!” — 21 катышуучунун утушу жокко чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лоторясынын 21 катышуучусунун утушу жокко чыгарылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 25-30-декабрында өткөн кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабынын жыйынтыгы боюнча 1 244 баалуу байгенин жеңүүчүлөрү аныкталган.

Лотереянын шарттарына ылайык, утуш аяктагандан кийин ведомстволор аралык байкоочу комиссия жеңүүчүлөрдүн лотереяга катышуу эрежелерин сактагандыгын текшерет. Анын жыйынтыгында 21 катышуучу лотереянын талаптарын бузгандыгы аныкталган.

Катышуучулар кызматкер катары катталган уюмдун контролдук-кассалык чектерин сканерден өткөргөндүгүнө байланыштуу, утуштары жокко чыгарылды.

Эскерте кетсек, “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын экинчи этабы 2023-жылдын 25-30-декабрында өткөрүлүп, жыйынтыгында 1244 баалуу байгенин, анын ичинде 10 батирдин, 11 электромобилдин жана Дубайга эки кишилик 4 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталган.

Салык кызматы жакында байгелерди тапшырууну баштайт.

МСКдан байгелерди алуу акысыз экендигин билдиришип, шылуундарга алданып калбоого чакырат.

Утуштар жокко чыгаргандардын тизмеси.

Пикир

Оставить комментарий