• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто санариптештирүү боюнча жаштар форуму өттү

Санарип Кыргызстан 0

Бишкек, 17.04.24. /Кабар/. Ош шаарындагы М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде санариптештирүү боюнча жаштар форуму өттү, деп билдирет Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы.

Иш-чарага жогорку окуу жайлардын окутуучулары, студенттери жана аймактагы активдүү жаштар катышты.

Форумдун катышуучуларына бир катар маанилүү маалыматтар айтылды. Алардын ичинде:

  • “Түндүк” мобилдик тиркемесин колдонуунун артыкчылыктары;
  • булут электрондук кол тамганын маанилүүлүгү;
  • өлкө аймактарын интернет менен камсыз кылууда "DCASA – КР" долбоорунун жетишкендиктери тууралуу.

Ошондой эле көргөзмө уюштурулуп, анда жогорку санариптик технологиялардын жетишкендиктери тууралуу презентациялар жасалды.

Иш-чара 19-апрелде Жалал-Абад шаарында өтөт.

Форумдун максаты — калктын, өзгөчө жаштардын арасында санариптик сабаттуулукту максималдуу түрдө арттыруу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий