• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстандагы электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталындагы эң популярдуу 10 кызмат (тизме)

Санарип Кыргызстан 0

Бишкек, 27.01.24. /Кабар/. 2023-жылы электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы жана "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу колдонуучуларга 8 млн (7 млн 927 миң 60) онлайн кызмат көрсөтүлдү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Учурда мамлекеттик порталындапорталында 158 кызмат жеткиликтүү, алардын ичинде 104 тез кызматтар болуп саналат. "Түндүк" мобилдик тиркемесинде 51 автоматташтырылган мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жана сервистер ишке ашырылган.

Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталындагы жана “Түндүк” тиркемесиндеги эң популярдуу 10 кызмат:

1

Үй-бүлө курамы тууралуу маалымат

2 079 082

2

Жарандарды каттоо жөнүндө жеринен маалымкат

993 735

3

Анык жашаган жеринен маалымат

827 294

4

Нике тууралуу маалымат

673 192

5

Пенсиялык топтоолор жөнүндө маалымат (топтолуучу пенсиялык фонд)

547 145

6

Айыл чарба малынын бар экендиги жөнүндө маалымат

319 167

7

Камсыздандырылган адамдын камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча маалымат (эмгек акы жөнүндө маалымат)

302 847

8

Убактылуу каттоо эсеби жөнүндө даректик маалымкат

252 218

9

Иштеген жеринен маалымкат ("е- Kyzmat ")

216 508

10

Бюджетке салык төлөмдөрү боюнча маалымат

199 280

Бүгүнкү күндө жарандар электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталын, мобилдик тиркемелерди жана санариптик документтерди активдүү колдонуп жатышат.

Статистикага ылайык, "Түндүк" тиркемесин жүктөөлөрдүн жалпы саны - 1 435 945 жолу, анын ичинен Google play боюнча - 1 млн 137 миң 890 жана Appstore боюнча - 298 миң 55 аркылуу. Белгилей кетсек, 2023-жылдын 1-январына карата жүктөөлөрдүн жалпы саны болгону 230 миң 294 болгон, ошентип өткөн жылы тиркеме 1 млн 205 миң 651 жолу жүктөлгөн.

Электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануучулардын саны күн сайын көбөйүп жатат, бул Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталында жана "Түндүк" мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү болгон санариптик документтерге жана кызматтарга жарандардын кызыгуусун жана муктаждыгын көрсөтүп турат.

Пикир

Оставить комментарий