• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте экинчи Улуттук салык форуму өтөт

Экономика 0

Бишкек, 27.01.24./Кабар/. 2024-жылдын 30-январында Бишкекте экинчи Улуттук салык форуму өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун, эл аралык уюмдардын жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, ошондой эле ишкерлер катышат.

Форумда салыктык башкаруу, санариптик технологияларды ишке киргизүү маселелери, ошондой эле Салык кызматынын 2023-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана ушул жылга карата пландары тууралуу маалыматтар берилет.

Форумдун катышуучулары эки дискуссиялык сессияда бир катар актуалдуу маселелерди талкуулашат. Атап айтканда, ишкерлер арасында өзгөчө кызыгууну жараткан Салык кодексинин ченемдери каралат. Ошондой эле "СМАРТ Салым" салык жол-жоболорун санариптештирүү долбоорлору жана салык төлөөчүлөрдү тейлөө сапатын жакшыртуу жолдору каралат.

Мындан тышкары, форумдун жүрүшүндө салык кызматкерлери жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда интерактивдүү дискуссия өткөрүлөт. Анын алкагында салыктык кызматтарды, электрондук салык сервистерин колдонуу тажрыйбасын жана салык сабаттуулугун жогорулатуу маселелери талкууланат. Ошондой эле көйгөйлүү учурлар белгиленип, аларды жакшыртуу үчүн конструктивдүү идеялар сунушталат.

Форумду өткөрүү мамлекеттик органдар менен бизнес-коомчулуктун ортосунда натыйжалуу диалог курууга өбөлгө түзөт, ошондой эле салыктык башкаруудагы көйгөйлөрдү аныктоого жана аларды чечүүнүн конкреттүү жолдорун сунуштоого мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий