• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстан менен Түркия айыл чарба багытындагы кызматташуусун өнүктүрөт

Экономика 0

Бишкек, 19.04.19. /Кабар/. Бүгүн, 19-апрелде КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев Кызматташуу жана координация боюнча Түрк агенттигинин (ТИКА) вице-президентти Рахман Нурдун баш болгон делегация менен жолугушуу өткөрдү.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда айыл-чарба тармагында тажрыйба алмашуу, азык-түлүктөрүн экспорттоо-импорттоо тууралуу сөз болгон.

"Жолугушууда эки тарап мал чарбачылык, өсүмдүк өстүрүү, кооперацияларды ирилештирүү, тамак-аш коопсуздугу жана заманбап айыл чарба технологияларды колдонуу, тажрыйба алмашуу, ошондой эле айыл чарба азык-түлүктөрүн экспорттоо-импорттоону талкуулашты", - деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.

Талкуунун жүрүшүндө Рахман Нурдун, Түркия мамлекетинин айыл чарба тармагындагы тажрыйбасы тууралуу айтып, Түркия тарап Кыргызстан сунуштаган чакан долбоорлорду колдоорун билдирген. Ал эми Эркинбек Чодуев күнөсканаларды куруу, тамчылатып сугаруу, кооперацияларды ирилештирүү жана бак олтургузуу боюнча тажрыйба алмашуу, ошондой эле дыйкан-фермерлерди окутууну сунуштаган.

Пикир

Оставить комментарий