• 88.68
  • 95
  • 0.95

500 iPhone 14, 150 ноутбук. "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын байгелерин ойнотуу башталды

Экономика 0

Бишкек, 26.06.23. /Кабар/. Бүгүн "Чек талап кылып, байге утуп ал!" кызыктыруучу лотереясынын байгелерин ойнотуу баштады.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, утуш 1-июлга чейин улантылат.

26-июндан 30-июнга чейин 500 iPhone14, 500 смартфон, 150 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 20 фен ойнотулат. Тактап айтканда, күн сайын 234 адам баалуу байгелердин ээси болушат.

Утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларынан түз эфирде көрсөтүлөт. Башталышы 14.00.

Негизги иш-чара 1-июлда "Ала-Тоо" аянтында өткөрүлүп, 10 электромобиль жана чет өлкөгө 3 жолдомо ойнотулат. Утуштар эстрада жылдыздары катышкан кызыктуу шоу-концерт менен коштолот.

1-июлда иш-чаранын жүрүшүндө келген көрүүчүлөр үчүн гана 15 смартфон ойнотулат. Утушка жалпы суммасы 6,1 млрд сомду түзгөн 6 млн 29 миң 756 ID-билет менен 233 миңден ашуун адам катышууда.

Пикир

Оставить комментарий