• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Робин Орд-Смит бизнес жана инвесторлор кабылган кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасады

Экономика 0

Бишкек, 09.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын ишкерлик субъектилеринин укугун, эркиндигин жана мыйзамдык кызыкчылыктарын колдоо боюнча ыйгарым укуктуу жак (Бизнес-омбудсмен) Робин Орд-Смит бизнес жана инвесторлор кабылган кырдаалга байланыштуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу Бизнес-омбудсмендин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кайрылууда төмөнкүдөй деп айтылат:

Робин Орт-Смит бизнес коомчулугу кабылып жаткан кылмыштуу аракеттердин толкундарына - ишкерлердин жана инвесторлордун мүлкүнө кол салууларга, талап-тоноого байланыштуу терең тынчсыздануусун жана капалануусун билдирет. Мындай аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, укук үстөмдүгүнүн, жеке менчик укуктарынын негизги принциптерин бузат жана өлкөнүн экономикасына жана эл аралык аброюна зор зыян келтирет.

Бул мыйзамсыз аракеттер бизнеске жана бүтүндөй өлкө экономикасына кыска мөөнөттүү олуттуу зыян келтирип гана тим болбостон, бизнес жана инвестициялык климат үчүн узак мөөнөттүү терс кесепеттерди алып келет. Бүгүнкү күндө бизнес өкүлдөрү өтө тынчсызданып, укуктарынын жана мүлктөрүнүн корголооруна ишенбей жатат.

Көпчүлүк ишкерлер жана инвесторлор өз объектилеринин, активдеринин, жабдууларынын коопсуздугу жана кызматкерлеринин амандыгы үчүн өтө тынчсызданат. Бизнес жана менчик укуктарын коргоодогу ар кандай кемчиликтер инвестициялык түзүмгө олуттуу таасир этет. Бул өлкөнүн эмгек рыногуна, салык төлөмдөрүнө жана мамлекеттик бюджетке зыянын тийгизет. Экономиканы калыбына келтирүүгө жана жумушчу орундарды түзүүгө жардам берүү үчүн өлкө көбүрөөк чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга муктаж болуп турган учурда, бул мыйзамсыз иш-аракеттер жана башаламандыктар Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугуна түздөн-түз таасирин тийгизет. Азыр келечек инвесторлор өлкөдөгү кырдаалды байкап, баа берип, тескеп жатышат.

Буга чейин, пандемия учурунда, бизнес катуу жабыркаган, эми деструктивдүү күчтөрдүн мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында жоготууларга учуроодо. Бизнес мындан аркы чыгымдарды көтөрө албайт.

"Акыркы күндөрү бизнести жана жеке менчикти талап-тоноодон сактап калууга жардам берген бардык жарандарга, патриотторго жана укук коргоо органдарына ыраазычылыгымды билдирем, мен бардык тараптарды өлкөнүн экономикалык туруктуулугун жана гүлдөп-өнүгүүсүн сактоо үчүн бизнести жана мүлктү коргоону камсыз кылууга чакырам"

Пикир

Оставить комментарий