• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дача СУдагы учак кырсыгынан каза болгондор эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 16.01.24. /Кабар/. Чүй облусунун Дача СУ айылында "Боинг-747" жүк ташыгыч учагынын кыйрашынын кесепетинен каза болгондор эскерилди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Эскерүү иш-чарасына президенттин Чүй облусундагы өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева, курман болгондордун жакындары катышты.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 16-январында ACT Airlines (MyCargo) авиакомпаниясынын жүк ташуучу Boeing-747-400F учагы “Манас” аэропортуна жакын жердеги Дача СУ айылында кыйроого учураган. Ал Гонконг-Стамбул багыты боюнча бара жаткан. Учак кырсыгынан 39 адам, экипаждын 4 мүчөсү – Түркиянын жарандары жана 35 Кыргызстандын жараны каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий