• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кичик-Алайда селден улам үйсүз калган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

БИШКЕК, 21.08.17. /Кабар/. Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев баштаган казыят жамааты Араван районунунун Керме-Тоо айыл аймагына караштуу Кичик-Алай айылынын Торпу участкасында ушул жылдын июль айында жүргөн катуу селден улам турак-жайсыз калган үй-бүлөлөр менен жолугушуп, турмуш-шарты өтө оор деп эсептелген 4 үй-бүлөгө акчалай жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу Ош облустук казыятынан билдиришти.

Мындан сырткары 4 баласы менен жалгыз бой күн кечирип келген Гүлмира Топчубаевага жаңы окуу жылына карата балдарына кийим-кечек жана азык-түлүк сатып алууга акчалай жардам берилди. Аталган жолугушууга Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаты Аскарбек Акматов да катышып, болуп өткөн жагдай боюнча төмөнкүлөргө токтолду.

“Кичик-Алай айылынын Торпу участкасы бийик мөңгүгө жакын жайгашкандыктан, ушул жайда күндүн катуу ысыгандыгына байланыштуу мөңгүлөрдөн ээрип түшкөн суулар селге айланып, 3 турак-жайга кирип авариялык абалга келген, 2 турак жайдын жер төлөсүнө, 6 турак-жайдын айланасына жана короолоруна кирген жана 1 адамдын 400 даана престелген чөбүн, 1 кампасын агызып кеткен жана эгилген эгиндерди жараксыз абалга учураткан. Учурда селдин кесепетинен турак-жайсыз калган жарандарга жергиликтүү бийлик тарабынан Араван районунун Кең-Сай массивинен жер тилкеси ажыратылып, атайын чатырлар тигилип берилген. Жабыр тарткан жарандардын ичинен Гүлмира Топчубаеванын үй-бүлөлүк абалы өтө оор. Күйөөсү мурда кайтыш болгон, учурда жалгыз бой эне төрт баласы менен турак-жай курууга шарты туура келбейт. Андыктан кайрымдуу адамдардан кышка чейин баш калкалоочу жай куруп алууга жардам сурайт” – деди Акматов.

Мындай жагдай менен жакындан таанышкан облус казысы Самидин кары Атабаев бардык үй-бүлөлөрдү келген сыноого сабырдуу болууга чакырып, мындан ары да колдон келген жардамдарды берээрин билдирип, өзүнүн батасын берди.

Пикир

Оставить комментарий