• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Кыргызтелеком» бир катар соцдолбоорлорду тесттик режимде ишке киргизди

Коом 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. «Кыргызтелеком» ААК бир катар социалдык долбоорлорду тесттик режимде ишке киргизди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, пилоттук участок катары Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтү тандалган.

2021-жылдын 28-августунда "Кыргызтелеком" ААКтын жетекчилиги «Телемедицина», «Коопсуз мектеп» жана «Жеткиликтүү санариптик дүйнө - 3» социалдык долбоорду ишке киргизүү иш-чарасына катышты.

«Телемедицина» долбоору. "Кыргызтелеком" ААК Кыргызстандагы "Телемедицина" долбоорун ишке киргизүү боюнча техникалык өнөктөш болуу демилгесин көтөрдү.

Демилгени ЮНИСЕФтин катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинде санариптик өнүктүрүү боюнча министрдин орун басары Б. И. Джангазиевдин төрагалыгы астында өткөн (26.08.21ж.) жолугушууда "Кыргызтелеком" ААКнун төрагасы Косумбаев Д. О. көтөргөн.

Ошентип, тесттик режимде бул долбоор жергиликтүү ҮДТ базасында Фрунзе айыл өкмөтүндө ишке ашырылган. Эмкана акысыз интернет-байланышы менен камсыз кылынып, видео-байланыш уюштуруу үчүн зарыл болгон жабдуулар сатып алынган.

Мындан ары дарыгерлер видео-чалуулар аркылуу консультация өткөрүп, дарт табуу, аны дарылоо жана алдын алуу максатында, оорулардын жана травмаларды саламаттыкты сактоо боюнча башка мекемелердеги кесиптештери менен кеңешип, ошондой эле изилдөө жүргүзүүгө жана баа берүүгө зарыл болгон маалыматтар менен алмаша алышат.

«Коопсуз мектеп» долбоору. Ушул эле айылда, экинчи - "Коопсуз мектеп" социалдык долбоору ишке киргизилди. Аталган долбоордун алкагында Фрунзе айыл өкмөтүнүн №1 мектеп-гимназиясы интернет-байланыш менен камсыздалып, 3 даана видеобайкоо жүргүзүүчү камералар орнотулду. Мобилдик телефон үчүн атайын тиркеменин жардамы менен мугалимдер, мектептин администрациясы, ата-энелер балдар сабактан бош учурда кантип убакыт өткөрөт, эмне менен алек экендигин онлайн көрүү мүмкүнчүлүгүн алышты.

Бул долбоор окуу жайларга комплекстүү кызмат көрсөтүүнү (интернет+видео байкоо) камсыздоого багытталган жана аны ишке ашырууда, артыкчылык Кыргызстандын алыскы аймактарында жана жетүүгө кыйын айылдардагы окуу жайларына берилет.

«Жеткиликтүү санариптик дүйнө» долбоору. Жогоруда аталган демилгелерден тышкары, "Кыргызтелеком" ААК айыл өкмөтүнүн имаратындагы акысыз интернет менен камсыз болгон вай-фай роутер орноткон.

Эми айылдын жашоочулары сейилдөө паркында интернет-байланышын эркин пайдаланып, жакындарына интернет аркылуу чалуу, дарыгерлерге кабыл алууга онлайн катталуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Ал эми балдар коомдук статусуна карабастан, өнүгүү жана кошумча билим алуу үчүн интернет ресурстарын колдоно алышат.

"Кыргызтелеком" ААКтан белгилегендей, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүнү, аларды калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, Мамлекет башчысы С.Жапаров тарабынан "Кыргызтелеком" ААКтын жетекчилигинин алдына коюлган биринчи милдет жана "Кыргызтелеком" ААК санарип мамлекеттик программаларды ишке ашырууда негизги милдетти аткарууга даяр.

Пикир

Оставить комментарий