• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Өмүралиев Түркиянын “Маариф” фондусунун башчысы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 21.12.20. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын “Маариф” фондусунун башчысы Бирол Акгюн менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда тараптар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Түркиянын “Маариф” фондусунун ортосунда кол коюлган Кыргыз Республикасында жеке билим берүү мекемелерин ачуу жана иштетүү жөнүндө Макулдашууну ишке ашыруу боюнча масалелерди талкулашты.

Мындан тышкары, Б.Акгюн Макулдашууну ишке ашыруу максатында Кыргызстанда фонддун кеңсеси ачылганын белгилеп, келе жаткан жылы Бишкекте билим берүүнүн бардык баскычтарын камтыган мектеп ачуу пландаштырылып жаткандыгын кабарлады.

Пикир

Оставить комментарий