• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Кытайдан келген делегация Биринчи май райондук сотунун ишмердүүлүгү менен таанышты

Коом 0


Бишкек, 05.12.23. /Кабар/. Бүгүн, 5-декабрда Биринчи май райондук сотунун төрагасы Алмаз Калыбаев Кытайдан келген судьялардын делегациясын кабыл алды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кытай делегациясы Биринчи май райондук сотунун канцеляриясы, архиви менен таанышып чыгышты.

Төрага Алмаз Калыбаев аталган соттун ишмердүүлүгү туурасында токтолуп, биринчи инстанция туурасында кененирээк маалымат берди.

Меймандар Биринчи май райондук сотунда башка райондук сотторго караганда иштер көбүрөөк карала тургандыгы боюнча, ошондой эле судьялардын кесипкөйлүгү, сотко келген тараптарга көрүлүп жаткан ыңгайлуу шарттар туурасында кабардар болушту.

Белгилей кетүүчү жагдай, КЭРден келген делегациянын курамында делегациянын башчысы, улук судья, Шаньдундун Жогорку элдик соттун төрагасынын орун басары Цзян Дунбинь, улук судья, орто этаптагы элдик соттун төрагасы Циндао Чжан Чжэнчжи, улук судья, орто этаптагы Элдик соттун төрагасы Яньтая Юй Сяодун, улук судья, Шаньдундун Жогорку элдик сотунун үчүнчү жазык палатасынын башкы судьясы Лю Чжэньхуэй, Шаньдундун Жогорку элдик сотунун биринчи жазык палатасынын улук судьясы, Башкы судьянын орун басары Луо Ин, Шаньдундун Жогорку элдик сотунун төртүнчү жазык палатасынын башкы судьясы Ли Чэньтао бар.

Пикир

Оставить комментарий