• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шаардык окуучулар Google кызматкери менен видеоконференцияга катышышты

Коом 0

Бишкек, 6-апрель /Кабар/. Свердлов райондук администрация тарабынан “Google“ дүйнөлүк ири компаниясынын кызматкери кыргызстандык Тилек Мамутов менен видеоконференция уюштурду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара №12 окуу-тарбиялоо комплексинде өттү.

Кыргызстандык менен жолугушууга Свердлов райондук мектептердин активисттери чакырылган. Окуучулар бир жарым саатта 20га жакын суроо беришти. Анын ичинде окуучуларды: “Google" маалыматтарды кайдан алат?”, “Эмне үчүн «Google» деп аташкан?” же “Балдарды жашоо жана ден соолук үчүн зыян оюндардан кантип коргоо керек?” деген сыяктуу суроолор кызыктырды.

Т.Мамутов окуучуларга жигердүү сүйлөшүү үчүн ыраазычылык билдирип, аларга окууда жана жашоодо ийгиликтерди каалап өттү. Окуучулар видеоконференцияны кол чабуулар менен жыйынтыкташты.

Пикир

Оставить комментарий