• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда МЖӨнүн алкагында 13 долбоор ишке ашат

Өкмөт 0

Бишкек, 6-апрель /Кабар/. Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында саламаттыкты сактоо, транспорт, шаардык инфраструктура багытында 13 долбоор ишке ашат. Бул тууралуу бүгүн, 6-апрелде Экономика министри Арзыбек Кожошев менен Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев маалымат бергенин Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Экономика министри Арзыбек Кожошевдин маалыматында, долбоорлорду сапатуу даярдоо максатында 2014-жылы уставдык капиталы 4 млн АКШ долларлык Мамлекеттик-жеке өнөктөштөр (МЖӨ) долбоорлорун каржылоо Фонду түзүлгөн. Аталган Фонд тарабынан 8 долбоордун техника-экономикалык негиздемесин даярдоого каражат бөлүнгөн.

«Мамлекеттик жеке өнөктөштүк тууралуу базалык мыйзам 2012-жылы кабыл алынган. Андан бери 11 мыйзамга өзгөртүү толуктоолор киргизилип, Өкмөт тарабынан 4 токтом кабыл алынган. 2015-жылдан бери бул тармакта долбоорлорду ишке ашыруунун үстүнөн активдүү иштеп келе жатабыз. Азыркы тапта саламаттыкты сактоо, транспорт, шаардык инфраструктура тармагында 13 долбоордун үстүнөн активдүү иштер жүрүүдө. Биринчи этапта 3 долбоор: экөө саламаттыкты сактоо, 1 мэрия тарабынан келген долбоор. Экинчи этапта 8 долбоор ишке ашат. Азыр алардын техника-экономикалык негизмемелери иликтенүүдө. Үчүнчү этапта 2 долбоор бар»,-деди Арзыбек Кожошев.

МЖӨ боюнча алгачкы долбоор Бишкек, Ош жана Жалал-Абад облустарында “Гемодиализ тейлөөлөрүн уюштуруу” болуп саналат.

«Кыргызстан боюнча жыл сайын бөйрөк оорусунан жабыркагандардын саны көбөйүп, натыйжада жылына 2 миңдей бейтап гемодиализ аппаратына муктаж болот. Биз болгону 850 оорулууну камсыздай алабыз. Мындан улам, 2017-жылдын 10-январында гемодиализ борборун түзүү максатында МЖӨ менен иштешүү боюнча сынак жарыялаганбыз. Эл аралык беш компания сынакка катышууга арыз берип, алардын экөөн тандап алдык, жакын арада тендер өткөрүлөт. Биздин негизги максат бейтаптарга убагында сапаттуу тейлөө көрсөтүү»,-деди Саламаттык сактоо министри Таланбек Батыралиев.

Экономика министри Арызбек Кожошев Мамлекеттик жеке өнөктөштүк тууралуу мыйзамдын аткарылышын күчөтүү боюнча Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бардык облус жетекчилерине тапшырма бергенин билдирди.

Жеке өнөктөштөр менен бирге иш алып баруу социалдык, инфраструктуралык, жол курулуш жана спорттук багытта жүргүзүлөт,-деди Арзыбек Кожошев.

«МЖӨ алкагында сметалык наркы 16 АКШ долларлык Ош облусунун Өзгөн районун айланып өтүүчү жол курулат. Дүйнөлүк тажрыйбада мамлекетте каражат жетишсиз болгон учурда, ал жеке секторлорго кайрылат. Мисалы: Москвадагы «Пулково» аэропорту МЖӨ каражатына курулган. Мамлекет аларга шарт түзөт, жеке секторлор каражатын салып, кийин аны чыгарып алат же биргелешкен келишимдин негизинде иш жүргүзөт. Мындай долбоорлорду ишке ашырууга 2-4 жыл убакыт керектелет»,-деп жыйынтыктады Арзыбек Кожошев.

Пикир

Оставить комментарий