• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Н.Токтогулова "Пирамида" радиосун жандандыруу тууралуу

Коом 0

Учурда “Пирамида” телеканалынын эфири мамлекеттик саясатты ишке ашырууга жана мамлекеттик органдар аткарган иш-чараларды кеңири чагылдырууга багытталган. Бирок, шаардыктар арасында кеңири жайылган, берүүлөрүн жана студияга келген конокторун күткөн “Пирамида” радиосу болгондугу көпчүлүктүн эсинде. 25 жыл өткөн соң “Пирамида” радиосунун маарекесине медиа-холдингдин жетекчилиги качандыр унутта калган, бишкектиктердин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон “Пирамида” радиосун кайра жандандырууну чечти. Радиону кандай өзгөрүүлөр күтүп жатат, анын толкунунда кандай пайдалуу маалыматтар болорун “Кабар” агенттигинин кабарчысына “Пирамида” медиа-холдингинин башкы директору Нурзада Токтогулова айтып берди.

- “Пирамида” радиосун жандандыруу идеясы кантип пайда болду?

- 90-жылдары “Пирамида” радиосун көп угушкан, ал ошол мезгилде кыйла белгилүү болгон. Мен “Пирамдага” келгенде, эски архивдерди, фотоальбомдорду карап чыктык. Ошол жылдары радиодо Валерия, “Сплин”, “Городой”, Лолита Милявская жана Александр Цикало, Жамала жана “Чай вдвоем” сыяктуу белгилүү коноктору көп болгон. Биз, бул радиону кайра жандандырсак эмнеге болбосун деп ойлодук. Радиого жаңы жашоо беребиз деп ишенип турдук. Быйыл “Пирамида” радиосуна 25 жыл толот жана чейрек кылым өткөндөн кийин радионун FM толкунунда кайрадан жаңырышы жакшы саамалык.

- Угармандарды кандай берүүлөр менен кубандыра аласыздар, кызыктуу рубрикалар болобу?

- 12 жакын рубрика пландалып жатат. Бул – социум, техника, аялдар үчүн рубрика. Мындан тышкары, биз негизги басымды кыргыз тилдүү аудиторияга жасап жатабыз. Радиостанциянын контентинин 60% 102.5 FM жыштыгында Чүй облусунда жана Бишкекте кыргыз тилинде уктурулат. Келечекте бүт республикага чыгууну пландап жатабыз. Биздин бүгүнкү күндөгү аудиториябыз – бул 35-60 жаштагы адамдар, бирок жаштар үчүн да рубрикалар болот. радиону болушунча пайдалуу кылууга умтулабыз. “Кыргызстанда жасалган” рубрикасында эксперттер рынокто өз ордун кантип табууга болот, ишкерликти кантип түзүү керектиги боюнча даш ишкерлерге кеңеш берет.

- Жетекчи катары сиз үчүн радиостанцияда эмне маанилүү?

- Мен үчүн атамекендик атаандаштыкка жөндөмдүү өңдүрүүчүнү өнүктүрүү абдан маанилүү. Биздин берүүлөр жарандарга жаңы билимдерди алууг жардам берет деп ойлойм. Көңүл ачуу багыты да маанилүү, ал радиостанциянын контентине киргизилет. Ар түрдүү оюндар ойнотулат. Мындан тышкары, радиодо окутуу программаларын киргизүүнү пландап турабыз. Кыргыз классикалык музыкасына орун берилет.

- Ошондо “Пирамида” радиосу качан иштеп баштайт?

- 1-апрелден тартып радио тесттик режимде иштеп жатат. Жакын арада толук ишке киргизебиз, ошондой эле бизди онлайн режиминде www.pyramida.kg сайтынан угууга болот. Угуучуларыбыз радиостанциянын жаңы контентин баалашат деп ишенебиз. Учурда биз жарандарга так жана пайдалуу маалыматтарды берүүгө аракеттенип жатабыз.

Маектешкен Роман Гайнанов

Пикир

Оставить комментарий