• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Ала-Арча" көрүстөнүндө Азиз Мурадиллаевдин эстелиги ачылды

Коом 0

Бишкек, 13.04.24./Кабар/. Бүгүн "Ала-Арча” тарыхый-мемориалдык көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, кайталангыс образдарды жараткан белгилүү актёр Азиз Мурадиллаевдин эстелиги ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага маданият министри Алтынбек Максутов баштаган чыгармачыл чөйрө, актёрдун үй-бүлөсү, жакындары жана күйөрмандары катышты.

Алтынбек Максутов өз сөзүндө Азиз Мурадиллаев жаш туруп кыргыз маданиятына, мамлекетке кызмат кылып, өзүнүн артына из калтырып кеткенин айтып, эл сүймөнчүгү Азиздин экинчи өмүрү башталганын жана ал узак экенин белгилеп өттү.

Сөз алып сүйлөгөндөр актёрдун чыгармачылык жана адамкерчилик бейнесинне токтолушуп, адамдык асыл сапаттарын эскерип өтүштү.

Азиз Мурадиллаев 2022-жылдын 17-декабрында узакка созулган оорудан улам 44 жаш курагында дүйнө салган.

Ал 1978-жылы 12-июнда Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген.

Азиз Мурадиллаев Ж. Садыковдун “Манастын уулу Семетей” спектаклиндеги Семетейдин образын жаратып, дээрлик 10 жылдан ашуун театр күйөрмандарынын купулуна толуп, сүйүктүү актёруна айланган. Кийин Семетейдин образын жаш муунга өткөрүп берип, өзү Ысмайылдын образын чеберчилик менен алып чыккан.

Кайталангыс таланттын ээси кыргыз драматургиясынын эле эмес, дүйнөлүк классикалык чыгармаларда да мыкты образдарды жаратып келген. Алсак Ж.Б. Мольердин “Анткор оорулуу” спектаклинде Беральддын, Юджин О’Нилдин “Дарак түбүндөгү махабат” спектаклинде Эбиндин, У. Шекспирдин “Макбет” спектаклинде Дункан сындуу бир топ образдарын жогорку деңгээлде жараткан.

Пикир

Оставить комментарий