• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Түндүкэлектр" "Мобильник" терминалынан онлайн төлөм кабыл алуу кызматын өчүрдү

Коом 0

Бишкек, 01.02.19. /Кабар/. "Түндүкэлектр" 1-февралдан тарта "Мобильник" терминалынан онлайн төлөм кабыл алуу кызматын өчүрөт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

"Түндүкэлектр" билдиргендей, 2018-жылы "Мобильник" ЖЧКсы тарабынан онлайн төлөмдөрдү кабыл алууда туруксуз иштер байкалган. Мындан улам алар 1-февралдан тарта "Мобильник" аркылуу онлайн төлөмдөрдү кабыл алуу кызматын өчүрөт.

"Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн "Түндүкэлектр" абоненттерден төлөмдөрдү "QIWI", "Quickpay", "UMAI", "АсИсНур", "Terem pay" төлөм терминалдарынан, ошондой эле "UMAI" электрондук капчыгынан, "Кыргызпочтасынан", "Айыл Банктын" кассаларынан жүргүзүүгө чакырат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий