• 88.68
  • 95
  • 0.95

Улуттук валюта – сомго 30 жыл. Тарых музейинде көргөзмө ачылды

Коом 0


Бишкек. 12.05.23. /Кабар/. Кыргызстандын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Бишкектеги Улуттук тарых музейинде көргөзмө ачылды.

Көргөзмөдө 1993-2017-жылдардагы банкноттордун үлгүлөрү менен улуттук валютанын тарыхы боюнча экспозициялар, 30 жылдын ичинде чыгарылган эстелик коллекциялык монеталар жана ар кандай номиналдагы акчалар коюлган.

Көргөзмө 31-майга чейин уланат.

Белгилей кетсек, ушул жылдын 10-майында сомдун киргизилгендигинин 30 жылдыгына арнап Улуттук банк 200, 500 жана 1000 сом номиналдарындагы бешинчи сериядагы банкноттордогу чыгарган.

Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурасы чагылдырылган улуттук валютанын жаңы сериядагы банкнотторунун сюжеттеринин негизги темасы өзгөртүлгөн жок. Банкноттордун алдыңкы бетинде искусство жана маданият өкүлдөрүнүн портреттери, ал эми арткы бетинде республиканын кооз жерлери чагылдырылган. Банкноттордун негизги түсү жана өлчөмү да өзгөргөн жок.

Улуттук валютанын бардык банкноттору, чыгарылган жылына карабастан, Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ жана төлөм каражаты катары милдеттүү түрдө кабыл алынууга тийиш.

Кыргыз сому өлкөнүн экономикалык туруктуулугунун эң маанилүү көрсөткүчү болуп саналат, анын ишенимдүү колдонулушу, сатып алуу жөндөмдүүлүгү жана баасынын туруктуулугу 30 жылдан бери тастыкталып келет.

Пикир

Оставить комментарий