• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар аныкталды

Коом 0

Бишкек, 21.01.22. /Кабар/. Борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар аныкталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кошуна жайгашкан аймакта тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн «Укук бузуулар жөнүндө» кодекстин 114-беренесине ылайык, 3-13 миң сомго чейин төмөнкү даректерге айып салынды:

- Апрель көчөсүндөгү №9а дарегиндеги «Умар Ойл» компаниясына, Анкара көчөсүндөгү №38 «Народный» дүйкөнүнө;
- "Суши весла" кафесине;
- Терметчиков көчөсү №3 дарегинде жайгашкан дүкөндүн талаптарын аткарбагандыгы үчүн Тулегенова Н. тургунуна.

Мындан тышкары, бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу фактылары төмөнкү даректер боюнча: “Бакай-Ата” конушу Ак-Сай көчөсү, ошондой эле Огонбаев көчөсү 93 дарегинде катталган.

Пикир

Оставить комментарий