• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элдик курултайларды өткөрүүгө болгон жарандардын укугу жөнүндө жоболорун ишке ашыруу максатында жумушчу топ түзүлдү

Коом 0

Бишкек. 20.02.19 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын элдик курултайларды өткөрүүгө болгон жарандардын укугу жөнүндө жоболорун ишке ашыруу максатында жумушчу топ түзүлдү.

Тиешелүү буйрукка президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев кол койду.

Жумушчу топту президенттин Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү, президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары рангындагы Курманбек Дыйканбаев жетектейт.

Жумушчу топтун курамына президенттин жана өкмөттүн аппаратынын, юстиция министрлигинин өкүлдөрү, парламенттин депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер кирди.

Жумушчу топко 2019-жылдын 1-сентябрына чейин элдик курултайлар жөнүндө мыйзамдарын өзүнчө мыйзам долбоору түрүндө иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдоо жана киргизүү жүктөлдү.

Жумушчу топтун курамы:

Дыйканбаев Курманбек Сапарович – КР президентинин Жогорку Кеңешиндеги ыйгарым укуктуу өкүлү, КР президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары рангында, жумушчу топтун жетекчиси;

Есеналиев Максатбек Кульчороевич – КР Юстиция министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;

Жумушчу топтун мүчөлөрү:

Акматов Алмазбек Жумабекович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Гайпкулов Искандер Торобаевич – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Кожоев Мирбек Кокулбаевич – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысынын орун басары – мониторинг секторунун башчысы;

Усубалиев Максат Абдыкадырович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Мурзалиева Жыргал Нуржановна – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти;

Салиев Бахтияр Усманович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Молдокасымов Кыяс Сатарович – Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

Турсунбек Акун – Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча конгрессинин координатору (макулдашуу боюнча);

Кошалиев Кадыр Амиракулович – «Кыргыз жолу» руханий коомунун төрагасы (макулдашуу боюнча).

Пикир

Оставить комментарий