• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 17 - 22-майга чейин өтөт

Коом 0

Бишкек, 20.02.19. /Кабар/. Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө катталуу башталды. Ал үстүбүздөгү жылдын 4-апрелине чейин уланат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Инна Валькова кабарлады.

Анын айтуусунда, республика боюнча 130 тесттик борбор түзүлөт. 2019-жылы каттоо акысы мурунку жылдардагыдай эле ар бир абитуриент үчүн негизги тестке- 320 сом жана ар бир сабак боюнча тестке 320 сомду түзөт.

“Тестке каттоо мектепте окуган абитуриенттер үчүн окуган жайларда уюштурулуп, ал эми мурдагы жылдары мектепти аяктап, бирок бул жылы жогорку окуу жайга тапшырууну чечкен бүтүрүүчүлөр шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнө кайрылып, ошол жакка өткөрсө болот. Ал эми жаран бир жерде катталып, учурда башка жерде жүргөн болсо, ал ошол райондун же шаардын билим берүү бөлүмүнө документтерин өткөрсө болот”, - дейт Валькова.

Ал белгилегендей, бул жылы предметтик тесттер: химия, физика, биология, математика, англис тили жана тарых боюнча жүргүзүлөт. Тест кыргыз жана орус тилдеринде болот.

Абитуриентти каттоодо кийинки документтер талап кылынат:

- паспорт (паспорт ала элек болсо туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана окуган жеринен негиздеме);

- 2 даана сүрөт (сүрөт ошол жылы тартылган болушу керек);

- ЖРТга каттоо акысын тастыктаган квитанция:

- орто билим тууралуу аттестат (мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү үчүн).

Пикир

Оставить комментарий