• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Президенттин администрациясында кыргыз-кытай кызматташтыгынын кеңири спектри талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 16.09.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Кытай Эл Республикасынын ШКУнун алкагындагы жакшы коңшулук, достук жана кызматташтык боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Цуй Линин Кыргыз Республикасына болгон жумушчу сапарынын алкагында жолугушуусу болду.

Тараптар Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик жана коомдук уюмдарынын эки тараптуу жана ШКУнун алкагында дагы кызматташтыгынын кеңири спектрин талкуулашты.

Өзгөчө көңүл элдик дипломатияны, аймактар аралык байланыштарды, маданий мамилени өнүктүрүү, ошондой эле жакырчылык менен күрөшүү жана аялдардын башкаруу кызматтарына катышуусуна көмөк көрсөтүүнүн артыкчылыктуу маселелерине бурулду.

Эдил Байсалов Кытай тарапка ушул күндөрү өтүп жаткан “Ден соолук экспресс” акциясы үчүн ыраазычылык билдирди, анын алкагында кытайлык адистер 600дөн ашуун катаракта операциясын жасашат, ошондой эле кыргызстандык окулисттер менен тажрыйба жана билим алмашат.

“Биздин элибиз дүйнөлүк Covid-19 пандемиясында КЭР жетекчилигинин жана элинин аябастан сунган достук колун жана берешен колдоосун эч качан унутпайт. Үстүбүздөгү жылдын май айында Сиань шаарында биздин мамлекеттердин жетекчилери тарабынан жаңы доордо ар тараптуу өнөктөштүк жөнүндө келишим түзүлгөндөн кийин Кытай менен Кыргызстан чыныгы боордош мамлекеттерге айланды. Биз бул мамилелерди элдерибиздин ортосундагы түз байланыштарды чыңдоо аркылуу бекемдешибиз керек”, - деди Эдил Байсалов.

Өз кезегинде Цуй Ли жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кытай Эл Республикасынын мындан аркы жемиштүү кызматташууга даярдыгын ырастады.

Пикир

Оставить комментарий