• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош: киберкоопсуздук күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 16.09.23./Кабар/. Ош шаарынын мэриясында “Санарип Ош” муниципалдык ишканасы мамлекеттик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана уюмдарында киберкоопсуздукту уюштуруу боюнча маалыматтык жыйын өткөрүп, ага мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.

Жыйындын алкагында техникалык адистер тарабынан кибер чабуулдардын алдын алуу жолдору, компьютерлерди максаттуу жана шарттуу пайдалануу эрежелери боюнча маалыматтар берилди.

Андан тышкары кызматкерлердин электрондук форматтагы жеке маалыматтарын коргоо коопсуздугун камсыздоо жана көзөмөл жүргүзүү иштери боюнча сөз жүрдү.

Соңунда санариптик сабаттуулукту арттыруу максатында киберкоопсуздук боюнча окутуу, аралыктан иштөө мүмкүнчүлүгүн түзүү боюнча сунуштар берилип, бир катар ой-пикирлер айтылды.

Пикир

Оставить комментарий