• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Бишкекте футбол боюнча КР Кубогунун финалдык беттеши өтөт

Спорт 0

Бишкек, 16.09.23. /Кабар/. Бүгүн Бишкектин башкы спорттук аренасы болгон Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда Кыргызстандын 2023-жылкы Кубогунун финалдык беттеши орун алат.

Кубок үчүн чечүүчү оюнда өлкөнүн учурдагы чемпиону - "Абдыш-Ата" (Кант шаары) жана Премьер-лиганын дебютанты "Мурас Юнайтед" (Жалал-Абад шаары) футболдук клубдары кез келишет. Оюн саат 20:00дө старт алат.

Кыргызстандын Кубогу 32-жолу ойнотулат. Премьер-Лигага бул жылы гана кошулган "Мурас Юнайтед" менен кубоктун учурдагы жана бешинчи жолку ээси "Абдыш-Ата" олжо үчүн талашка түшүп, оюндун көрүүчүлөрүн эң кызыктуу финал күтөт.

Беттештин түз берүүсү "Кыргыз Спорт ТВ" каналынын Ютуб платформасында жана Мегалайн, Акнет, Неотелеком кабелдик түйүндөрүндө жеткиликтүү болот.

Пикир

Оставить комментарий