• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 24.12.21. /Кабар/. Бүгүн Жалал-Абад шаарынын айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-декабрда оңдоп-түзөө жумуштарына байланыштуу саат 10:00дөн 16:00гө чейин Караева, Жаңы-Абад, Таш-Булак, Аббасова, Айни, Султанов, Варашилов, Доскана, Мусаев, Аманов, Эркин-Абад, Мадаминов көчөлөрүндө электр жарыгы убактылуу болбойт.

Жалал-Абад мэриясы жарандардан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий