• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында таштандыларды иргеп, кайра иштетүүгө даярдоочу завод курулууда

Аймак 0

Бишкек, 25.03.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын таштанды полигонунда таштандыларды иргеп, кайра иштетүүгө даярдоочу завод ишке кирет.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, учурда аталган заводдун курулуш иштери жүрүп жатат. Завод 2023-жылы Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен 133 млн сомго курулууда.

Заводдун курулушу ушул жылдын июль айында аяктайт. Анда Жалал-Абад шаарынан чыккан ар кандай таштандылар өз-өзүнчө иргелип, кайра иштетүүгө даярдалат. Ал эми алдыда кайра иштетүүгө даярдалган сырьедон турмуш-тиричилик жана курулуш каражаттарын өндүрүү жолго коюлат.

Пикир

Оставить комментарий