• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

2024-жылы Айтматов районунда кошумча 3 көмөк чордон орнотулат

Аймак 0

Бишкек, 25.03.24. /Кабар/. 2024-жылы Айтматов районунда кошумча 3 көмөк чордон орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Учурда Талас электр тармактар ишканасы тарабынан Айтматов, Манас,Талас, Бакай-Ата РЭТтеринде жана Талас шаардык электр тармактарын күз-кыш мезгилине даярдоо максатында оңдоо иштери жүргүзүлүп башталды.

2024-жылы Айтматов РЭТинде жалпы 630,42 км 10 кВ аба чубалгысы болсо, анын 47,6 км капиталдык ремонттон өткөрүү иштери жүргүзүлүп, 472,910 км техникалык оңдоо иштери аткарылат.

Ошондой эле 0,4 кВ аба чубалгысы жалпы 443,44 км болсо, анын 69,246 км капиталдык оңдоодон, ал эми 441,701 км техникалык тейлөөдөн өткөрүлөт.

Белгиленгендей, Айтматов району боюнча 323 көмөк чордондор (трансформатор) бар. Анын ичинен 33 көмөк чордонду капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, 276 көмөк чордонду техникалык тейлөөдөн өткөрүү иштери аткарылат.

Ошондой эле капиталдык курулуш иштерин өткөрүүгө, реконструкциялоо иштерин жүргүзүүгө 10 кВ аба чубалгысында 3,5 км реконструкциялоо иштери аткарылып, анын ичинен 78 даана темир бетон тирөөчүн алмаштырылат. 10 кВ аба чубалгысынын 1,1 км куруу иштери жүргүзүлүп, 9 даана темир бетон тирөөчүн алмаштыруу иштери пландалууда.

0,4 кВ аба чубалгысында 12,36 км темир бетон тирөөчтөрүн 209 даанасы алмаштыруу иштери пландалууда. Кошумча көмөк чордонду куруу үчүн 3 даана пландалып, ага кошумча 1 даана темир бетон тирөөч коюлат.

Талас электр тармактар ишканасынын электр энергиясын пландуу өчүрүүлөрү боюнча билдирүүлөр Талас электр тармактарынын официалдуу сайтында жана Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларында жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” тиркемесине билдирүүлдөр келет.

Оңдоо программасынын көлөмүн өз убагында ишке ашыруу күз-кыш мезгилинин максималдуу электр жүктөмдөрүнүн ийгиликтүү өтүшүн, облустун керектөөчүлөрдүн электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоону камсыз кылат жана авариялык өчүрүүлөрдү азайтууга жана берилген электр энергиясынын сапатын жакшыртат.

Пикир

Оставить комментарий