• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Зиядин Жамалдинов майыптыгы бар жарандардан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. Кечээ, 1-декабрда КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Ноокат районундагы майыптыгы бар жарандардан кабар алды. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун башчысы жарандарга белектерди жана акчалай жардам көрсөтүп, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн мамлекеттен жеңилдиктер жана жардамдар көрсөтүлүп жатканын билдирди. Ошондой эле Ноокат районундагы 3-декабрь – эл аралык майыптыгы бар жарандар күнүнө арналган иш-чарага катышты.

Белгилей кетсек, Ош облусунун Ноокат районунда 7801 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаран жашайт. Ош облусунун аймагында 15-ноябрдан 15-декабарга чейин майыптыгы бар жарандарга ар тараптап колдоо көрсөтүү боюнча бир айлык жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий