• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жети-Өгүздө милиция эл менен жолугуп, коронавирустун жайылышын алдын алууда

Аймак 0

Бишкек, 26.08.21. /Кабар/. Жети-Өгүз райондук ички иштер башкармалыгы окуу жылынын башында жаш өспүрүмдөрдүн коронавирус илдетин жуктуруп алуусун алдын алуу максатында дарыгерлер менен биргеликте милициянын көчмө кабылдамасы менен Кызыл-Суу айыл аймагын кыдырышты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу учурунда өздөрүн жана балдарын коронавирустан кантип сактоо керектиги боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

- Колду самындап жуугула же спирт камтылган антисептикалык каражаттарды колдонгула;
- Жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозуңарды, мурдуңарды кагаз бет аарчы же чыканагыңар менен тоскула;
- Дем алуу жолдорунун курч вирустук оорусуна кабылган адамдар менен кучакташуудан, кол алышуудан, аларга жакын болуудан кармангыла;
- Курч респиратордук вирустук инфекциянын белгилери (дене табынын жогорулашы, жөтөлүү, дем алуунун начарлашы) пайда болгон учурда айланадагыларга жуктурбаш үчүн бир жолу колдонуучу беткаптарды тагынгыла;
- Бөлмөнү тез-тезден желдеткиле жана нымдуу чүпүрөк менен көбүрөөк тазалап тургула.

Мындай жолугушуулар элдердин ары-даттануулары, көйгөйлөрү жана калоо-тилектери менен жакындан танышып, эң негизгиси коомдук коопсуздукту жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында өз жемишин берүүдө.

Пикир

Оставить комментарий