• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абаддын айрым аймактарында эки күнгө жаратылыш газы өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 21.05.21. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт, - деп билдирет «Газпром Кыргызстан» компаниясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ага эски газ өткөргүчтөрдү алмаштыруу себеп болууда. Ага ылайык, 25-майда саат 09:00дөн, 26-май саат 17:00гө чейин жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат.

Жаратылыш газы өчүрүлө турган аймак: Крылов, Пугачев, Горький, Фрунзе, Пушкин, Чутская, Ж. Бакиев, Калинин, Эркиндик, Бабкина көчөлөрү.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.

Пикир

Оставить комментарий