• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдө санитардык талаптарды сактабаган 1 миң 235 мекемеге көрсөтмөлөр берилди

Аймак 0

Бишкек, 23.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ысык-Көл облусу боюнча санитардык талаптарды сактабаган 1 миң 235 мекемеге көрсөтмөлөр берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Монолдоров брифингде билдирди.

Анын айтымында, мобилдик топтор тарабынан 1 миң 450 текшерүү болду.

"Текшерүүнүн жыйынтыгында 73 протокол түзүлдү. Анын 16сына токтом чыгарылып, 57 жооптуу тараптарга жалпы өлчөмдө 87 миң 500 сом айыппул салынды. Алар май куюучу жай, соода тармагы, азык-түлүк саткан жайлар, чач тарач жана такси кызматы", - деп белгиледи Монолдоров.

Өкүлдүн орун басары кошумчалагандай, облус аймагынын 730 миң чарчы метр жери дезинфекцияланды.

Эскерте кетсек, 11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилген. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт.

Кыргызстанда 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий