• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эртең Ош шаарынын айрым аймактарында убактылуу жарык өчүрүлөт

Аймак 0

Бишкек, 15.11.19. /Кабар/. Эртең, 16-ноябрь күнү саат 8:00дөн 17:00гө чейин Ош шаарынын айрым бир аймактарында жарык убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, көмөк чордонундагы оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Курманжан Датка көчөсүндө (Фрунзенская, Араванская), Масалиев көчөсүндө (Ош ПЭС, Городская Баня, Дом-Быта, Грен.завод) 9 саат электр энергиясы жок болот.

Пикир

Оставить комментарий