• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын 2018-2019-жылдагы жетишкендиктери: Ирригация

Аналитика 0

Кыргызстан өзүнүн кайталангыс жаратылышы, суунун молдугу менен сыймыктанып келет. Суу өлкөнүн баалуу ресурстарынын бири болгондуктан аны сарамжал жана акыл менен пайдалануу керек. Суунун адамдын ден-соолугу жана өлкөнүн экономикасы үчүн мааниси чоң. Суу менен камсыз кылууда керектүү инфраструктуранын болушу бир гана адамдын саламаттыгы үчүн эмес, өлкөнүн өнүгүшү үчүн да маанилүү.

Бул маселе боюнча Сооронбай Жээнбеков ирригация жана калкты суу менен камсыз кылуу анын президенттик ишмердигинин артыкчылыктуу багыты экенин айтып, 2023-жылга чейин өлкөнүн бардык айылдарын таза суу менен камсыздоо боюнча амбициялык тапшырма коюлганын билдирген.

2017-2026-жылдарга карата Ирригацияны өнүктүрүү мамлекеттик программасын ишке ашырууда чечимдерди кабыл алууда натыйжалуулукту жана ыкчамдыкты жогорулатуу үчүн бирдиктүү орган – Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги түзүлүп, ага мамлекеттин суу саясатын жакшыртуу милдети коюлган.

Жасалып жаткан иштердин аркасы менен учурда өлкөдө сугат маселесинде жылыштар бар.

Ошентип, 2018-жылы республикалык бюджеттен "капиталдык салымдар" беренеси боюнча 370 млн сом бөлүнгөн. Ислам Өнүктүрүү Банкынын эсебинен каржылоо 1,7 млн сомду (120 млн сом) түзсө, кытайлык гранттын эсебинен каржылоо 29 млн юань (290 млн сом) болуп 2018-жылы бир катар суу чарба объекттеринде курулуш иштери аяктаган:

- "Жумгал районундагы Баш-Кууганды дарыясынан жер сугаруу", жумуш 2018-жылдын октябрь айында аяктап, жаңы 239 га жерге суу барса, 1 миң 91 га жерге суунун барышы жакшырган;

- Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл аймагынын сугат тутумунун "Ак-Тектир" менен "Терек-Талаа" каналдарын реабилитациялоо иштери аяктаганда 560 га жерге суунун жетиши жакшырат;

- "Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Терек каналынын курулушу" 2018-жылдын декабрь айында аяктап, 250 га жерге суунун барышы жакшырган;

- "Баткен облусунун Кадамжай районунун Кара-Кыштак-Боз каналынын курулушу", 2018-жылдын декабрь айы. Жаңы 95 га жерге суу жеткирилген (долбоордон тышкаркы жер).

Жалпы 2018-жылы жаңы 634 га жерге суу тартылып, 1 миң 901 га жерге суунун барышы жакшырган, 1 миң 600 га жердин мелиорациялык абалы жакшырган. Жаңы сугат жерлеринин берилиши менен 2600 жакын кишиге жаңы жер тилкелери тийген.

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий