• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көлдөгү туристтик субъекттердеги санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышы боюнча онлайн жыйын өттү

Аймак 0

Бишкек, 01.06.20. /Кабар/. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев онлайн режимде Ысык-Көл районундагы туристтик субъекттердин өкүлдөрү жана айыл өкмөт башчылары менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Осмоналиев санитардык-гигиеналык нормаларды сактабаган субъекттер жоопкерчиликке тартыларын баса белгиледи.

"Өзгөчө кырдаалдын жаңы талабын сактап иштөө абзел. Биринчи кезекте, туризм тармагындагы бардык экономикалык ишмердүүлүгү жанданган субъекттерде санитардык-гигиеналык нормалардын аткарылышы шарт. Туристтерди кабыл алып жаткан объекттерди милдеттүү түрдө каттоо жүргүзүүнү киргизүү керек", - деп белгиледи ал.

Учурда Ысык-Көл облусунда 127 пансионат, 7 санаторий, 119 мейманкана, 192 конок үйү, 19 балдар лагери, 13 хостел, 12 эс алуу борбору жана 3 реабилитациялык борбор бар.

Пикир

Оставить комментарий