• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр. Өрттөлгөн турак үй курулууда, мамлекет каражат бөлдү

Аймак 0

Бишкек, 28.05.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 8-майында кыргыз-тажик чек арасында орун алган чырдын кесепетинен толугу менен өрттөлгөн турак үйдүн курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө курулушка мамлекет тарабынан жетиштүү каражат бөлүндү.

"Буга чейин ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов турак үйсүз калган үй-бүлөнүн муктаждыгын кечиктирбей чечүү максатында, тергөө иштеринин жыйынтыгын күтпөй, курулушту баштоо, турак үйдү күз айларына бүткөрүү боюнча Баткен районунун жетекчилигине тапшырма берген", - деп айтылат маалыматта.

Ал эми турак үйдүн өрттөлүшү боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын Баткен-Согди облустарынын тийиштүү укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгы менен күнөөлүүлөр аныкталып, чыгымдын орду толтурулат.

Пикир

Оставить комментарий