• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад ОИИБинин «Бирдиктүү терезеси» өткөн жылы дээрлик 19,5 миң тактама берген

Аймак 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын «Бирдиктүү терезеси» өткөн жылы 19 миң 413 тактама берген.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, “Бирдиктүү терезе” режиминде мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүү борбору жарандардын милициядан ар кандай тактамаларды алуусун жөнөкөйлөштүрөт.

Маалыматка ылайык, борбор аркылуу коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу да максатталган. Жарандар тиешелүү тактамаларды жана уруксат кагаздарды алуу үчүн терминалдар аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүшөт.

Жалал-Абад облусунун аймагында жашаган жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн тактамаларды берүү боюнча борборлор Таш-Көмүр, Кара-Көл, Ала-Бука жана Токтогул ШРИИБдеринде ачылып, алар өз натыйжаларын көрсөтүп келүүдө.

2020-жыл ичинде ар түрдүү багыттагы тактамаларды алуу үчүн Жалал-Абад ОИИБдин жана ШРИИБдердин бирдиктүү терезеси аркылуу 19 миң 663 жаран кайрылган. Алардын ичинен 19 миң 413 жаранга тиешелүү тактамалар берилген.

Соттолбогондугун текшерүү үчүн акы төлөө кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы:

– 3 күн ичинде берилсе – 86 сом;

– 1 күн ичинде берилсе – 191 сом.

Бекер негизде берилсе – 7 күндүн ичинде берилет.

Жалал-Абад облусунун тургундары үчүн маалымат алуу телефону: 03722 7-17-88.

Пикир

Оставить комментарий