• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жанузаков: Коргоо министрлигин кайра түзүү – КМШ өлкөлөрүнө шайкеш келүү

Коом 0

Бишкек, 02.02.21. /Кабар/. Коргоо министрлигин кайра түзүү – бардык КМШ өлкөлөрүнө шайкеш келүү. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине өкмөттүн аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Адилет Жанузаков билдирди.

Анын айтымында, Коргоо министрлигин кайра түзүү эң туура жана өз убагында кабыл алынган чечим болду. “Биз буга жетүү үчүн көп жол басканбыз. 2014-жылы аскер күчтөрү системасын реформалоодо кризистик кырдаалга жооп бере турган орган түзүшкөн. Штат 40-50дөн ашпаган адамдан түзүлөт деп пландалган. Бирок, андай болгон жок. Башкы штаб жана Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет (КИМК) бири-биринин иштерин кайталап калышты. Алар көпкө дейре ким эмнеге жооп берерин, кайсыл иштер Башкы штабга, кайсылары КИМК тиешелүү экенин ажырата албай жүрүштү. Негизи КИМК аскердик саясат жүргүзүшү керек эле, бирок андай болгон жок. Көптөгөн суроо-талаптар болду”, - дейт ал.

Жанузаковдун пикиринде, башкы кол башчы Коргоо министрлигин кайрадан түзүү чечими туура жана зарыл. Эски система натыйжалуу экенин убакыт көрсөттү. Ошондой эле, бул бардык КМШ өлкөлөрүнө шайкеш келүү. Анткени, мурдагы советтик өлкөлөрдүн бардыгында өлкөнүн аскердик саясатын жүргүзгөн орган катары Коргоо министрлиги бар. “Мен мамлекеттик башчынын бул кадамын максатка ылайык деп ойлойм. Коргоо министрлигин таратып ийгенден кийин бизде айрым кыйынчылыктар болду. Коңшуларыбыздын көз карашы бирдиктүү болгон жок. Андан кийин Башкы штабды Кыргызстандагы башкы коргоо ведомствосу катары кароо боюнча каттар жөнөтүлдү. Мен биздин стратегиялык өнөктөштөр Коргоо министрлигин түзүү тууралуу жаңылыкты жакшы кабыл алат деп ойлойм”, - дейт А.Жанузаков.

Пикир

Оставить комментарий