• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында сатылып жаткан көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 11.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 11-ноябрда Ош шаарында сатылып жаткан көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анда Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, Монополияга каршы кызматынын, Салык жана Патрулдук кызматтын өкүлдөрү менен биргеликте көмүр сатылып жаткан жайларды кыдырып, бааларын текшерди.

Вице-мэр көмүр сатуучуларга буга чейин бир нече жолу бааны көтөрбөө боюнча эскертүүлөр берилгенин, ага карабай айрым сатуучулар 7 сом, 7,50 сомдон сатып жатканын билдирди.

“Шаарда буга чейин берилген эскертүүлөргө карабай, кээ бир сатуучулар көмүрдүн баасын көтөрүп сатып жатышат. Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, Ош шаарында 1 килограмм көмүрдүн баасы 6,80 сомго чейин жана тоннасы 5-6 миң сом болушу керек. Ошого байланыштуу шаар мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасы менен бүгүн шаарда рейд жүргүзүп жатабыз. Бааны нормадан жогору көтөргөн сатуучуларга протокол түзүлүп, монополияга каршы кызматы тарабынан айып салынууда. Шаар боюнча 15 жерде көмүр сатып алуу пунктары ачылган. Биз сатуучуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында муниципалдык жер үчүн ижара акысын албайбыз. Алар ишмердүүлүгү үчүн патент да төлөшпөйт. Болгону көмүрдүн баасын нормадан ашырбоону талап кылабыз”, - деди С. Жунусбаев.

Текшерүүнүн жүрүшүндө бир нече сатуучуларга көмүрдү нормадан жогорку баада саткандыгы үчүн протокол түзүлүп, айып салынды.

Ош мэриясы Монополияга каршы кызматында шаар тургундары үчүн ишеним телефондору бар экендигин эске салып, эгерде кайсы бир даректе көмүрдүн баасы 6,80 сомдон жогору сатылып жатса, анда төмөнкү номерлерге чалууну суранат: 0770 55 52 22, 03222 5 50 97, 5 63 42.

Пикир

Оставить комментарий