• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте ишембиликтин алкагында 276 тонна таштанды чыгарылып, 1,6 миң түп көчөт отургузулду

Коом 0

Бишкек, 25.03.24. /Кабар/. 23-мартта Бишкек шаарынын бардык райондорунда ишембилик өттү.

Мэриядан билдиришкендей, ишембиликтин алкагында 371,47 гектар аянт тазаланып, 276 тонна таштанды чыгарылды.

Мындан тышкары, борбор калаанын үч районунда ийне жана жазы жалбырактуу дарактардын 1 миң 625 түп көчөтү отургузулду.

Дээрлик 25 чакырым сугат арыктары тазаланды.

Белгилей кетсек, жалпы шаардык ишембиликке 23 миңден ашык адам катышты.

Эскерте кетсек, ишембилик шаар аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган эки айлыктын алкагында өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий