• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Марат Сарулунун жаркын элеси элибиздин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат - некролог

Коом 0

Бишкек, 11.03.23. /Кабар/. Кыргыз коомчулугу жана кино өнөрү орду толгус жоготууга учурады.

2023-жылдын 9-мартында 65 жаш курагында Кыргыз Республикасынын эл артисти, кинорежиссер жана сценарист Марат Сарулу дүйнө салды.

Марат Сарулу 1957-жылы 26-сентябрда Талас шаарында туулган. 1980-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин, ал эми 1984-жылы Москва шаарындагы Режиссерлордун жана сценаристтердин жогорку курсун аяктаган.

Ф. Хитруктун өнөрканасында билим алган.

Марат Сарулу кино тармагында режиссер жана сценарист катары белгилүү эле. Анын режиссер катары толук метраждуу «Миң кыял», «Көч», «Песнь южных морей», «Бурная река, безмятежное море», «Алтын кыргоол», кыска метраждуу «Мандала», «Взлет», «Соль», даректүү «Имаго» жана анимациялык «Моление о Пречистой птице» тасмалары кыргыз журтчулугуна жана көрүүчүлөргө белгилүү болуп, режиссердун бир катар эмгектери республикалык жана эл аралык деңгээлдеги сынактарда жогору бааланган. Анын тасмага берген режиссердук боёгу эл аралык кинофестивалдарга жолдомо берип, 2002-жылы «Эргүү» тасмасы Анапада өткөн фестивалда баш байгеге, 2004-жылы Италиянын Тренто шаарында өткөн эл аралык

52-кинофествалда «Күмүш эдельвейс» сыйлыгына ээ болгон. 2002-жылы Франциянын Нант жана Везуль шаарларында өткөн эл аралык кинофестивалдарында баш байгеге ээ болуп, атайын сыйлык жана дипломдор менен сыйланган. Ал эми сценарист катары «Маңкурт», «Найман эне», «Беш кемпир» толук метраждуу тасмаларынын сценарийлерин жазууда авторлош болгон.

Марат Сарулу мыкты сүрөткер, кесипкөй жана дүйнө таанымы башка режиссерлордон айырмаланып турган режиссер катары эсибизде калды. Ал өзүнүн жөнөкөйлүгү жана жогорку интеллекти менен башкалардан айырмалана алды. Ал тарткан тасмалар чакан аудиторияга арналбастан, дүйнө коомчулугу ойлоно турган темаларды козгоп, жаңыланууну издеп, бир эле кадр менен жөнөкөй адамдын үнү аркылуу ааламды аңтарган социалдык темаларды ачкандыгы, дүйнөлүк мыкты фестивалдарда «А» класстагы тасмалардын катарына киргендиги болду.

Соңку жылдары Марат Сарулу Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде «Кино» кафедрасынын жаш кинематографисттерине билим берип, келечектеги кино тармагына аралаша турган адистерди даярдоого салым кошуп жаткан.

Мамлекет тарабынан Марат Сарулунун кыргыз киноиндустриясына кошкон салымы жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер наамдары менен сыйлаган. Кыргыз Республикасынын Кинематографисттер союзунун жана КМШ жана Балтика өлкөлөрүнүн кинематографисттер союздарынын конфедерациясынын мүчөсү болгон.

Марат Сарулунун жаркын элеси элибиздин, чыгармачыл интеллигенциянын жана жакындарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С. Н. Жапаров, Н. Т. Шакиев, А. У. Жапаров, З. К. Базарбеков, С. С. Касмамбетов, Э. Ж. Байсалов, А. А. Максутов, Ч. Эсенгул уулу, А. А. Аскарова, С. Шер-Нияз, А. К. Усупекова, А. Бекболотов, М. А. Бектеналиев, Ж. Өзбекова, Г. К. Керимова, Н. К. Токомбаева, Т. Р. Колдошев, Т. А. Кулмендеев, М. Абдиев, С. Ишенов, М. Мусаев, А. Арым-Кубат, Ж. Соданбек, Т. Ибрагимов, Н. Мамбетова, Ж. Сыдыкбаева, К. Абдыгулов, А.А. Сүйүндуков, Ш. М. Джапаров, Н. Абдыкадыров, Б. Одуракаев, А. М. Жангазиев, Г. Б. Толомушова, Т. М. Бирназаров, А. У. Дайырбеков, Б. Мукул ж. б.

Пикир

Оставить комментарий